Конституциялык сот президенттин сунуштамасын кароого киришти

Бүгүн, 17-февралда саат 10:00дө Конституциялык сот президенттин Конституциянын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.
Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт. Кароо жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Конституциялык соттун расмий сайтында жарыяланууга тийиш.