Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун колдоп же четке кагып, эгер жактырылса, референдум дайындашы керек.

Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

20-ноябрда ошол учурда президенттин милдетин аткарып келген Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме тузүлгөн. 27-январда кеңешме өз ишин жыйынтыктаган болчу.