Конституциянын жаңы долбооруна каршы 22-ноябрда митинг өтөт

Конституциянын жаңы долбооруна каршы Бишкекте ушул жекшемби күнү, 22-ноябрда митинг өтөт. Ал темир жол вокзалынын жанында саат 12:00дө башталат.

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышты. Документ кечээ, 17-ноябрдан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.