Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун 2023-жылга жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылган иштери тууралуу маалымат угулду.
Талкуу маалында депутат Ырысбек Атажанов АКШ чек арасынан Мексика аркылуу мыйзамсыз өткөн кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча ишти күчөтүүнү суранып, айрым жарандар иммиграциялык борбордо 6 айдан ашык жүргөнүн белгиледи. Комитет төрагасы Улан Примов Чикагодогу мекендештердин санына, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына кызыкты. Буга Болотбек Борбиев Иллинойс штатында 40 миңден ашуун мекендешибиз бар экенин маалымдап: «Алардын көбү тейлөө, жеткирүү, такси жана IT-тармактарында эмгектенишет. Көптөгөн жарандар англис тилин билбегендиктен, социалдык номерди жана башка документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушат», — деди консул.