Контейнерде жашаган фельдшер: “Күйөөм пневмониядан каза болду, 4 бала менен жесир калдым”

Жолдошу эки тараптуу пневмониядан каза болуп, 4 баласы менен жесир калган фельдшер эне элге жардам сурап кайрылууга аргасыз.

Учурда балдары менен контейнерде күн кечирип жаткан Толкун Рахматова 20 жылдан бери фельдшер катары эмгектенип келет. Дүйнөлүк пандемия бул үй-бүлөнү да кыя өтпөй, Толкун айымдын 39 жаштагы жолдошун өлүмгө дуушар кылган. Башкаларды ажалдан арачалайм деп жүрүп, өз жолдошун өлүмгө алдырып алган каарманыбыз 18 жыл чогуу жашаган жарынын кандай адам болгонун, ал кабылган эки тараптуу пневмония менен күрөшкөн күндөрдү мукактана эстеп отурду.

Андан соң балдарынын үчөө мектеп окуучусу экенин айтып, алардын онлайн форматта окууга шарты болбой жатканын кошумчалады.

“Балдарыма аралыктан окуу кыйынчылык жаратууда. Тапкан-ташыганым тиричиликке араң жетип турганда балдардын ар бирин уюлдук телефон менен камсыздоого шартым туура келбей жатат” дейт.

Ошондой эле, ичинде отурсаң сырттагы дабыштардын баары даана угулган кичинекей контейнерде жашоо канчалык оор экенине токтолуп, келечекте үйлүү болсок деген тилеги менен маекти жыйынтыктады.

Каарманыбызга жардам берүүнү кааласаңыз видеодо көрсөтүлгөн байланыш номерге кайрылсаңыз болот.

Видео төмөнкү шилтемеде:

Тагдыр. “Жолдошум пневмониядан каза болуп, 4 балам менен жесир калдым”