«Коопсуз шаар» долбоору. Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу сунушталды

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда депутаттар “Бузуулар жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карашты.

Документ өкмөт тарабынан депутаттардын кароосуна жиберилген. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, төмөнкүлөр үчүн айып пулдар кыскарат деп болжолдонууда:

Нурбек Абдиев белгилегендей, эгерде айып пул документ келген күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, анда айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Тактап айтканда, эгер айып пул 1 миң сом болсо, кыскаргандан соң 300 сом төлөйт.

Комитеттин төрагасы Наталья Никитенко айып пулдун көптүгүнө эл нааразы экендигин белгиледи. «Элдер суроо берип жатышат: «Коопсуз шаар» коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөнбү же айып пул өндүрүү үчүнбү?» — деди эл өкүлү. Депутат мыйзам долбоорунун калкка каржылык жүктү азайтууга багытталган концепциясын колдой тургандыгын, бирок чогултулган айып пулдарды бөлүштүрүү, бюджеттен түшүү жана жол эрежесин көп бузган айдоочуларга мунапыс колдонуу маселелери кошумча талкуулоону талап кыларын белгиледи.

Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.