«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн акчага дагы 3 «Тез жардам» унаасы алынды

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна «Тез жардам» унаасы тапшырылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Керектүү шаймандар менен жабдылган “Соболь” базасындагы «Тез жардам» унаасы “Коопсуз шаар” долбоорунун үнөмдөлгөн каражатына алынган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин автобазасынын директору Мирлан Жоошевдин айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорунун үнөмдөлгөн каражатына кошумча дагы эки «Тез жардам» унаасы сатып алынган. Анын бирөө Сузак районунун Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна өткөрүп берилет, ал эми экинчиси азырынча резервде болот.

«Унаада дефибриллятор, электрокардиограф, небулайзер, сордургуч, стационардык жана көчмө кычкылтек жабдуулары, бейтаптарды иммобилизациялоо үчүн жабдуулар жана башка керектүү шаймандар бар«, — деп белгиледи Мирлан Жоошев.

Буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 37 «Тез жардам» унаасы сатып алынган. Алардын бардыгы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругуна ылайык, республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарында бөлүштүрүлүп берилген.