«Коопсуз шаардын» биринчи фазасында Бишкекте жол кырсыктары 5 пайызга, Чүйдө 70 пайызга азайды

«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарында жол кырсыктары 5 пайызга, ал эми Чүй облусунда 70 пайызга азайган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор 2019-жылы иштей баштаган жана учурда Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө борбордо унаалар көп жүргөн 38 кесилишке видеокөзөмөл жана 4 өтмөк орнотулган. Чүй облусунда 48 жол унаалардын ылдамдык режимин көзөмөлдөгөн камералар менен жабдылган. «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи фазасын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жүзөгө ашырууда. Долбоор 2022-жылдын 10-мартына чейин узартылган.

Долбоордун экинчи этабы республиканын бардык облустарын, республикалык маанидеги 2 шаарды жана облустук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтыйт.