«Коопсуз шаар». Ошто жолдорго 600дөн ашуун камера орнотулат

Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жолдун негизги кесилиштерине 600дөн ашык камера орнотуу пландалып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Долбоорду «Шень Чжень Сайвей интеллект» ЖЧКсынын Кыргызстандагы филиалы ишке ашырат. «Долбоор боюнча негизги жолдордун кесилиштерине 600дөн ашык камера орнотулуп, алар онлайн режиминде эреже бузууларды каттайт. Видеокамералардын жүздү таануу функциясы дагы бар«, — деп айтылат маалыматта.

Учурда уруксат берүүчү документтер даярдалууда. Кагаз иштери аяктагандан кийин түркүк орнотуу жана кабель тартуу иштери башталат.