«Коопсуздук-2021» аскердик машыгуусуна даярдыктар көрүлүүдө (сүрөт)

Коргоо министрлиги «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдыктарды улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыгуу 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында өтөт.