«Коопсуздук-2021» машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет

иллюстрациялык сүрөт

1-3-апрель күндөрү өтүүчү «Коопсуздук-2021» аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышат. 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылары айтылды.

Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок-посттор коюлат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат. Машыгуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралбайт. Милиция машыгуу мезгилинде кооптонууга негиз жок экенин белгилеп, элди коомдук тартипти сактоого чакырды.