Рыскелди Мусаев Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институту менен кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун жетекчилиги жана илимий курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар тыгыз кызматташууну жакшыртуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы негизги маанилүү саясий жана уюштуруу-башкаруу чечимдерди кабыл алуу боюнча пикир алмашты.

Учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал шарттарында илимий-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу, алардын артыкчылыктуу темаларын аныктоо боюнча талкуу болду.

Мындан тышкары туруктуу негизде биргелешип иш алып баруу маселеси каралды.