Коопсуздук кеңешинин катчысы мыйзам бузуу болбогонун, кол санактын жыйынтыгын күтүүгө чакырды

Мыйзам бузулган жок. Шайлоо бүткөндөн бери 3 эле күн өттү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов БШКнын жыйынында билдирди.

«БШКга кол санакка 20 күн берилет. Буларды түшүнсө болот, жумушу көп болуп жатат. Булар жыйынтыгын көрсөтсүн, ошондо мыйзам бузуу болсо, ошол жыйынтык менен макул эмес болсоңор, ошондо анан текшербей койсок ошондо айткыла, булар өз билгенин кылып жатат деп. Кол санактын жыйынтыгын күтөлү»,- деди ал.