«Кооздолуп бүтө элек болчу». Өзгөндө талкуу жараткан балаты боюнча мэр үн катты (видео)

Кечээ, 27-декабрда соцтармакта Өзгөн шаарынын Жаңы жылдык балатысынын сүрөтү жарыяланып, ал  кызуу талкуу жараткан эле.

Жаңы Жылдык балаты боюнча Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов комментарий берди. «Бул балаты боюнча соцтамактарга ар кыл маалыматтар тарап жатат. Кечээ демөөрчүлөрдүн эсебинен, мэриянын жаштарынын эсебинен тургундарга жакшы маанай тартуулоо үчүн өсүп турган балатыны эле кооздоп жатышкан. Кар жааганына байланыштуу кооздоо иштери бүтпөй калган. Аны сүрөткө тартып, Фейсбукка жарыялап, «буга 3 миллион сом акча кетти» деген жалган сөздөрдү жазышыптыр. Айтайын дегеним, ошол сүрөткө тарткан адам кооздолуп бүткөн соң тартса жакшы болмок. Биз жакшылыкты көрө билишибиз керек. Бул жасалгаланып бүтө элек. Бүткүчө сынды токтотуп тургула», — деди ал.