Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне «Баатыр эне» ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.