“Көп эркекке алдандым” деген Эсфирь: «Мени «дагы ажырашты» дешти. Элге күлкү болдум»

Ушул жылдын февраль айында Эсфирь Касымова аттуу 22 жаштагы келиндин тагдырын баяндаган элек. Ал апасынан эрте ажыраганын жана туугандарынын колунда чоңойгонун айткан. Андан кийин апрель айында каарманыбыз биздин редакцияга турмушка чыкканын кабарлаган эле. Биз бүгүнкү күнгө чейин каарманыбыз менен байланышып турабыз. Ал учурда жалгыз жашап жатканын, жолдошу менен ажырашканын, эми мындан ары эч качан турмушка чыкпасын айтат.

Жолдошу кызынын дарылатууга чыдабай койгонун айтып, баланын кадырын балалуу болгон адам эле билерин түшүнгөнүн айтат. «Анын менин балдарыма зыяны тийген жок. Кайнежем деле «жашабасаңар жашабагыла» деди. Бирок ага чейин эле экөөбүздүн ортобузда чатак болуп жатты. Көз жумуп жашадым. Кызыма келгенде «мага ушундай эркектин эмне кереги бар» дедим. Бала бакчага карыз болдум. Улуусун чоң апасына берип калган күндөр болду. Мен элге жаман көрүндүм. «Дагы ажырашты» дешти. Күлкү болдум. Бирок баарына Кудай күбө», — деди ал.