Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 16-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 16-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн +4…+10, күндүз +22…+27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +24…+26 градус болот.