Көпчүлүк аймакта жамгыр жаайт. 11-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 11-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +25…+27 градус болот.