Көптөн бери иштебей бекилип турган Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйү оңдоп-түзөөдөн өттү

Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, колдонууга өткөрүп берилди. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Эл өкүлүнүн жазганына караганда, маданият үйү көптөн бери иштебей бекилип, жараксыз абалга жеткен. Имаратты оңдоп-түзөөгө 12 миллион 750 миң 550 сом каражат жумшалды.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, депутат Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. «Жаңыланган маданият үйү сиздер үчүн кылымдар бою жакшылыктарга кызмат кылып, таланттуу уул кыздардын ордосуна айланган ак жолтой имараттын бири болсун!» — деди Камчыбек Ташиев.

Көк-Жаңгак шаарындагы маданият сарайы 1947-жылы курулган. Мурда шахта башкармалыгынын карамагында болуп, 2011-жылы гана маданият бөлүмүнө өткөрүлгөн. Анын ичинде 500 орундук концерт өткөрүлүүчү зал, музей, бий залы бар.