Кордайда кардан улам суукта калган унаадагы адамдардын видеосу тарады

Кечээ, 14-декабрь күнү Казакстандын Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата – Ташкент унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. 112 кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. 

Социалдык тармактын колдонуучулары унаа жолдо абал начар экенин айтышып, видео менен бөлүшүп жатышат.