Корея Жогорку Кеңештин IT-инфраструктурасын жаңылоо үчүн 200 миң доллар бергени жатат

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков менен Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсу Жогорку Кеңеш менен KOICA ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон-Чже, Жогорку Кеңештин аппаратынын Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Осмонкул Орозалиев катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Алгач Алмазбек Сабырбеков эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчисине жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысына ыраазычылык билдирди. Ал эми KOICA кол коюлган меморандумга ылайык, парламенттин IT-инфраструктурасын жаңылоо жана санариптештирүү үчүн 200 миң доллар өлчөмүндө Жогорку Кеңешке колдоо көрсөтүүнү көздөөдө. Аталган гранттык долбоор Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан KOICAнын өкүлчүлүгү аркылуу каржыланат.