«Корея Кыргыз Республикасын жаңы саясий реформалар үчүн ачык өлкө деп санайт». Улукбек Марипов Пак Бён Сок менен жолукту

Премьер-министр Улукбек Марипов Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызстан жана Корея Республикасынын ортосундагы соода тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү али ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Учурда биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү болгону 100 миллион доллар түзөт, бул колдогу толук мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды камтыбайт. Биз үчүн эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн өстүрүү маанилүү», — деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы Корея Республикасы тарабынан Кыргызстандагы шайлоо процесстерин уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Корея Республикасы Кыргыз Республикасын жаңы саясий реформалар үчүн ачык өлкө катары санайт. Биз үчүн силер ачык рынок экономикасына ээ болгон демократиялык мамлекет болгонуңар маанилүү. Мурда сиздер КМШ мамлекеттеринин арсынан Дүйнөлүк соода уюмунун жеңилдиктерин алган алгачкы мамлекет болгонсуздар. Ошондуктан биз мындан ары карай Кыргыз Республикасындагы демократиялык өнүгүү процессин колдоого умтулабыз», — деди Пак Бён Сок.

Улукбек Марипов белгилегендей, кыргыз тарап келечекте эки өлкө ортосундагы саясий пикир алышуунун улантылышына чоң маани берет жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдирди.