Коргоо министри апрелдеги чек ара жаңжалы боюнча комментарий берди

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов бүгүн маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы апрелдеги окуя боюнча комментарий берди. Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттер биримдикке кирген мамлекеттердин ичинде болуп жаткан чыр-чатакка кийлигише албайт.

«ЖККУнун бул жаңжалга кийлигишүүсү туура эмес болмок. Анын үстүнө бул жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чечилди. Маалымат каражаттарында, коомдо ким жеңди, ким утулду деген талкуулар жүрүп жатат. Биз үчөө – эки офицерди жана бир прапорщикти жоготтук. Коңшу тараптын жоготууларын билгиңиз келсе, ошол жерге барып, жергиликтүү элге бул суроону берүүгө кеңеш берет элем. Бул жаңжалды армия токтотту», — деди Бактыбек Бекболотов.