Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
«Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” мыйзамы менен кабыл алынган Куралдуу күчтөрүнүн тартип уставынын
75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичке катуу сөгүш берилди»,- деп айтылат маалыматта.