Коргоо министри учкучсуз аппарат тууралуу: «Балким жасалып жаткандыр. Аны балдар жер төлөдө жасай беришет»

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстанда Саара аталышындагы учкучсуз дрон жасалып жатканын, ага президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун тиешеси бар экенин жазып, видео менен бөлүшүшкөн. Саара деген аталыш да жөн жерден чыкпаганын, ал президенттин небересинин атынан коюлганын жазып чыгышкан.

Бүгүн, 19-октябрда өткөн маалымат жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотов балким жасалып жатканын айтты. «Эми учкучсуз аппараттарды каалаган ыкма менен жер төлөдө балдар жасай беришет. Биз эмне жасап жатканыбыздын баарын айта албайм да, туурабы? Мен аскер адаммын, мамлекеттик сыр болот. Балким жасалып жаткандыр. Мен тастыктабайм, ошол учурда четке да какпайм»,- деди ал.