Коргоо министринин орун басары: «Кыргыз армиясында «дедовщина» жок»

Депутат Руслан Жакышев комитет жыйынында Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовго «кыргыз армиясында «дедовщина» барбы?» деген суроо салды.

Ал «дедовщина» жок экенин, буга кепилдик берерин айтты. «Ар кандай мыйзам бузууларга жолдор болуп жатат. Бул боюнча биз тарбия башкармалыгынын башчысы чоң жумуштарды жүргүзүп жатат», — деди ал.