Коргоо министрлиги: «Аскер кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү»

1-августтан тарта аскер кызматкерлеринин кызматтык маянасы орточо эсеп менен 50 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, офицерлердин маянасы орточо 50 пайызга, ал эми сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлгөн. «Биздин эң популярдуу кызмат — взвод командири жана взвод бригадири. Эгерде мурда взвод командирлери 7600 сом алышса, эми 12 миң сом алышат. Эгерде мурда бригадир 9 миң сом алса, азыр 14 миң алат», — деди ал.