Коргоо министрлиги: «Атамбаевдин, Ташиевдин балдары армияда кызмат өтөшкөн»

Кайсы депутаттар, министрлер, экс-премьер-министрлер жана чиновниктердин балдары аскерге барганын Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовго кайрылып, сурады.

«Биздин кызматта кимдин баласы экенин карашпайт. Бирок депутат Искендер Матраимовдун, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, генерал Камчыбек Ташиевдин балдары кызмат өтөшкөн», — деди коргоо министринин орун басары.