Коргоо министрлиги: «Кыз узатууга куралчан аскерлер менен келген күйөө бала министрликтин аскер кызматкери эмес»

Кыз узатууга эки куралчан согушкер менен келген офицер Коргоо министрлигинин аскер кызматкери эмес. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кечээ, 10-ноябрда социалдык тармактарда куралчан аскерлердин коштоосунда колуктусун алып кетүүгө келген күйөө баланын видеосу тарап, ал талкууга түшкөн болчу.