Коргоо министрлигинин кызматкери жубайы менен уруша кетип, асынып алган

Токмокто Коргоо министрлигинин аскер кызматкери асынып алды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аскер кызматкери өз үйүндө жубайы менен жаңжалдашып, батареяга асынып алган. «Тилекке каршы, мындай учурлар болуп жатат. Ошол эле учурда аскерге кызмат өтөп жаткандар коомдон келерин белгилегим келет. Уулуна тили өтпөгөн ата-эне «Аскерге бар, ошол жактан тарбия алсын» деген учурлар болгон. Суициддердин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча аскерлер менен психологдор жана тарбиячылар иштешүүдө», — деди ал.