Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев оңдолуп жаткан жолго кирип кеткен киши менен кармашкан жумушчуга жолукту.
Буга чейин Лев Толстой менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota RAV4 унаасынын айдоочусу жабык турган жолго кирип кеткен. Жол жасап жаткандардын бири аны киргизбей тоскондо, айдоочу жолчуну жакалап, чаап жиберген.
Айбек Жунушалиев жабыркаган жумушчуга жолугуп, коркпой кызматын кыла бериши керектигин айтты.