Коронавирус: 118 ыкчам байланыш кызматынын операторлорунун штаты көбөйтүлдү

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ыкчам түрдө 118 ыкчам байланыш кызматын күчөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүздү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 118 кызматына кайрылуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу адистер тарабынан ыкчам байланыш кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш-чаралар көрүлдү. Эң алгач 118 кызматынын операторлорунун штаты көбөйтүлүп, ишке үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды. Алар үчүн атайын окутуучу тренингдер өткөрүлүп, кайрылуучулар менен туура диалог түзүү, ошондой эле атайын санарип чечимдер тууралуу кенен маалымат берилди. Мындан тышкары, кызматтын элге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында байланыш каналдарын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

«Даярдыктарды көрүү иш-чараларынын алкагында COVID-19дун белгилери бар бейтаптарды маршрутизациялоо, маалыматтарды ыкчам түрдө мобилдик топторго жеткирүү механизмдери кошумча иштелип чыкты. 118 кызматынын милдеттери кеңейтилди. Эми кайрылуучулар онлайн сервистен тышкары, 118 кызматы аркылуу эмдөөдөн өтүүгө катталып, эмдөө процедурасына байланыштуу суроолоруна жооп ала алышат. Аталган кызматтын операторлору иш графигине ылайык ысык тамак-аш менен камсыз болушту», — деп айтылат билдирүүдө.