Өлкөдө коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 108ге жетти

Пандемия учурунда мамлекеттик жана менчик ооруканаларда иштеген 108 медицина кызматкери вирустан каза болгон. Бул тууралуу саламатыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, бүгүнкү күндө курман болгон 33 дарыгердин жакындарына1 миллион сомдон кенемте төлөнгөн. 2021-жылдын 11-январынан баштап компенсация төлөө тартиби жана анын өлчөмү өзгөрүлгөн. Азыр коронавирусту жуктурган дарыгерлерге 75 миң сом, каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 2,8 миллион сомдон кенемте төлөнөт.