Коронавирус. Бишкек шаары сары зонада

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова белгилегендей, акыркы 14 күндүн ичинде оорунун 18 пайызга төмөндөшү байкалган жана оорунун каттоосу күнүнө 64төн 100гө чейин түзүп жатат.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаары сары зонада, калган бардык аймактар жашыл зонада. Оорулуулардын курактык курамы — бул улгайган адамдар, мектеп жашындагы балдар.

«Оорунун азайышына карабастан, калк бет кап режимин, коомдук жайларда колдун гигиенасын жана аралыкты сактоо зарыл экендигин белгиледи. Ал эми балдарда белгилери пайда болгон учурда дарыгерлерге кайрылуу керек жана балдарды айыкканга чейин мектепке жөнөтпөө керек», — деди ал.