Коронавирус. Бишкекте 29-апрель, 9-Майга карата иш-чаралар өтпөйт

Бишкекте 29-апрель Бишкек шаарынын күнү жана 9-Май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чаралар өтпөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын чукул отуруму болуп өттү. 29-апрель шаар күнү менен 9-Май Жеңиш күнүн өткөрүү маселелери каралды. Шаардык эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул күндөрү массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.