Коронавирус. Бишкектеги коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык транспорт бөлүмүнүн, троллейбус администрациясынын жана автобазанын адистеринен турган мобилдик топтор ИИМдин Патрулдук кызматы жана Транспорт министрлигинин алдындагы транспорт инспекциясы менен биргеликте коомдук танспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышын текшерип жатышат.

Тартип бузуучуларга бир нече жолу мыйзам бузуулар үчүн (маска режимин сактабагандыгы, санитайзердин жоктугу үчүн) Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протоколдор түзүлүп жаткандыгы эскертилген.