«Коронавирус болуп ооруган ар бешинчи адам унутчаактыктан жабыр тартууда» дейт дарыгер

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору COVID-19 өтүшүп кетиши кооптуу экенин билдирди.

Оору жүрөктүн, өпкөнүн, мээнин, бөйрөктүн, кан тамырларынын жана адамдын башка маанилүү системалары менен органдарынын оорусунун өтүшүп кетишине алып келиши мүмкүн.

Коронавирустун кесепеттери инфекциянын өзүнөн кем эмес коркунучтуу. Коронавирустан кийинки эң көп кездешкен кыйынчылыктар:

— чарчоо;

— энтигүү;

— көкүрөк туштун оорусу;

— жыт сезбей калуу;

— депрессия;

— баш оору;

— чачтын түшүүсү жана башкалар.

Бул симптомдордун бардыгы пост-COVID синдромуна байланыштуу. Изилдөөлөргө ылайык, бир нече ай:

— ооругандардын 21 пайызынын дагы эле эс тутуму начар,

— 23 пайызында тынчсыздануу жана депрессия бар,

— 34 пайызында жөтөл, 71 пайызында дем кысылуу болот.

Оорунун узак убакыт бою жоголбогон симптомдору адамдын организмине чоң жүк жаратат, демек, жашоонун сапатын бир топ төмөндөтөт. «Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сизди оорудан кийинки симптомдордон коргоого жардам берет», — дешет адистер.