Коронавирус: Бүгүн өлкөдө 107 адам айыкты

Бүгүн, 20-февраль күнү өлкөдө коронавирус илдетинен 107 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Айыккандар:

Бишкек шаарында — 40 адам;

Ош шаарында ооруканадан чыккандар жок;

Чүй облусунда — 33 адам;

Ош облусунда — 11 адам;

Талас облусунда — 3 адам;

Нарын облусунда — 7 адам;

Ысык-Көл облусунда — 9 адам;

Жалал-Абад облусунда — 3 адам;

Баткен облусунда — 1 адам.

Белгилей кетсек, өлкөдө бүгүнкүгө чейин жалпы 82 миң 690 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыгышты.