Коронавирус: Чүй облусу менен Бишкек шаарында кошумча орундар даярдалды

иллюстрациялык сүрөт

Эртеңден тарта коронавируска кабылган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаары менен Чүй облусундагы ооруканаларда кошумча орундар даярдалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«Бишкектеги Улуттук госпиталда 110 орун даярдалды, анын ичинен 10 оруну интенсивдүү терапия менен дарылоого багытталат. Чүй облустук бириктирилген ооруканасында коронавируска кабылгандар үчүн 55 керебет коюлат (анын ичинен 5өө интенсивдик терапия үчүн)», — деп айтылат маалыматта.

Акыркы учурда коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарында катталууда.