Коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды, каза болгондор жок

27-февралга карата Кыргызстанда таажы вирусу 43 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабы билдирди.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында-18 жана Чүй облусунда-11. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 185ке жетип, каза болгондор 1463 адамды түздү.

Бир күндө 66 адам айыгып чыкса, ооруканада 371 адам дарыланып жатат, дагы 285 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4205 адамга жетип, алардын 4176сы айыгып чыкты. Акыркы бир күндө жугуштуу тумоо дагы бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.