Коронавирус: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери Ухань шаарындагы изилдөөлөрдү баштады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери коронавирус пайда болгон делген Кытайдын Ухань шаарында өз изилдөөлөрүн жүргүзө башташты.

Бейшемби күнү адистер 14 күндүк карантинден чыгышты. Бирок изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кытай бийлиги аларга бардык керектүү жайларга кирүүгө уруксат береби азырынча белгисиз.

Баарынан мурда, алар биринчи жолу анализ жүргүзүлгөн бир катар лабораторияларды жана жаңы оорунун жайылышынын очогу делген канаттуулар базарын көрүүнү күтүп жатышат.

Бийликтин айтымында, бир катар мамлекеттердин жетекчилиги эксперттердин ишине саясий подтекст берүүгө аракет кылып жатат. Бирок Ухандагы коронавирустун айынан каза болгондордун жакындары бийлик аларга кысым көрсөтүп жатканын тастыкташууда. Тактап айтканда, алар тарабынан социалдык тармакта пикир алышуу үчүн ачылган топ Кытайдын социалдык тармактарынан өчүрүлүп жатат.

Бейшемби күнү Кытай бийлиги ДССУнун адистерин ачык ой жүгүртүү менен жана саясий кийлигишүүсүз иштөөгө чакырды.

Буга чейин ДССУнун адистери коронавирустун келип чыгышын изилдөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына барышкан. Бирок алар Кытай бийлигинин чечими менен 14 күндүк карантинге алынган болчу.