Коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилчү компенсациянын суммасы өзгөрдү

2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, эми андан 75 миң сомго көбүрөөк компенсация алышат. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөрүүлөр “Медицина кызматкерлеринин статусу” жөнүндө мыйзамына байланыштуу киргизилген.

2020-жылы май айында чыккан буйрукка ылайык, иштеп жүрүп коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми иштеп жүрүп, оорудан каза болгон медицина кызматкерлерине 1 миллион сом берилет деп көрсөтүлгөн мыйзамдын 13-14-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Ошонун негизинде социалдык пакет тууралуу мыйзам кабыл алынган. Анда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмү көрсөтүлгөн.

«2021-жылы январь айында кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу үчүн токтом кабыл алынды. Токтомдо компенсацияны төлөө жобосу бекитилди. Анын ичинде коронавирусту жуктуруп алып, ооругандардын баарына тең төлөмдөр айлыгынан (оклад) 15ке көп төлөнөт деп көрсөтүлгөн. Мисалы, дарыгерлердин орточо айлыгы 5 миң сом болсо, ошондо аны 15ке көбөйткөндө компенсациянын суммасы чыгат. Компенсацияны алуу үчүн керектүү документтер жобонун ичинде камтылган. Мурун бардык документтерди Саламаттыкты сактоо министирлигиндеги комиссияга тапшырышса, азыркы учурда өзү (медициналык кызматкер) иштеген мекемелердин ичинде комиссия аркылуу такталат. Эгер документтер талапка жооп берсе, ошол жерден компенсация төлөнөт”, — деди министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү.