Коронавирус: Кыргызстанда ноябрга чейин 3 миллион адамды эмдөө пландалууда

«Ушул жылдын ноябрь айына чейин коронавируска каршы эмдөө иштерин бүтүрүш керек», — деп билдирди Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Биринчи радионун» эфиринде.

Анын айтымында, болжол менен өлкөдөгү 3 миллион адамды эмдөө пландалууда. «Өкмөт бюджеттин акчасына коронавируска каршы дары сатып алуу планын иштеп чыгуучу Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донорлор менен иштеп жатат», — деди ал.

Ал сурамжылоонун жыйынтыгында ким коронавирус жуктуруп-жуктурбаганын жана ооруган адам COVID-19 вирусун качан жуктурганын аныкташарын айтты. «Ооругандан 6 ай өткөндөн кийин адам кааласа эмдөөдөн өтөт. Эмдөө ала турган адамдын дени сак болушу кажет. Ошондуктан ал сурамжылоодон жана медициналык текшерүүдөн өтөт», — деди Ишенапысова.

Эмдөө иштеринин биринчи этабы март-апрель айларына пландалган.