Ооруканаларда коронавирус жуктурган 364 бейтап дарыланып жатат

Бүгүн, 28-февралга карата өлкө аймагындагы стационарларда 364 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат.

Алардын ичинен:

— 2 адам канааттандырарлык абалда;

— 254 адам орто оор абалда;

— 92 адам оор абалда;

— 16 адам өтө оор абалда.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 283 адам өз үйүндө дарыланууда.