Коронавирус: Ооруканалардагы 24 бейтаптын абалы өтө оор

Бүгүн, 21-февралга карата өлкө аймагындагы стационарларда 396 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат.

Алардын ичинен:

— 8 адам канааттандырарлык абалда;

— 264 адам орто оор абалда;

— 100 адам оор абалда;

— 24 адам өтө оор абалда.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 339 адам өз үйүндө дарыланууда.