Коронавирус. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына Түркияга барбай коё турууну сунуштады

Turkish Airlines 737-900ER K64887

Түркияда медициналык кызмат көрсөтүү өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринде сактык полистеринин негизинде жүргүзүлөт. Сактык полистери жок болгон учурда, дарылануу үчүн акы төлөнөт. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги Түркияга барган чет өлкөлүк жарандарда туристтик ишканаларда таризделген сактык полистеринин болушу абзел экенин эскертет.

Түркиянын өкмөтү тарабынан киргизилген алгоритмге ылайык, вирустун жеңил түрүн жуктуруп алган чет өлкөлүк жарандар кездешкен учурда, аларга обочолонуу шарт экендиги маалымдалып, акысыз түрдө медикаменттер берилет. Ал эми илдеттин оор түрүнө чалдыккан чет өлкөлүк бейтаптар акы төлөө жолу менен дарыланышат жана алар өлкөнүн муниципалдык кызматтарынын жолдомосу менен мамлекеттик медициналык мекемелерге жайгаштырылат. Түркияга туристтик максатта келген чет өлкөлүк жарандарда туристтик ишканаларда таризделген сактык полистеринин болушу абзел.

Ушуга байланыштуу, Түркияга жөнөп жаткан Кыргыз жарандарына Түркиянын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурда акысыз дарылануу жөнүндө кепилдик берүүчү сактык полистерин алуу сунушталат. Ошону менен бирге министрлик жарандарга Түркиядагы эпидемиялык кырдаалды, коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын кескин түрдө өсүп жаткандыгын айтып, ага ылайык киргизилген чектөөлөрдү, карантиндик чараларды эске алып, азыркы учурда Түркияга баруудан карманып турууну сунуштады.