Коронавирус. УКМКнын тергөө абагында жаткан төрт адам ооруканага которулду

УКМКнын тергөө абагында жаткандар жапырт коронавируска чалдыкты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөө абагындагы 4 төрт адам короновирустун белгилери менен ооруканага жаткырылган. «Тергөө абагындагылардын баары ооруп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Алардын арасынан 4 адамдан коронавирустун белгилери аныкталып, ооруканага жаткырылды»,- дешти алар.

Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКлар УКМКнын тергөө абагында жаткандардын бардыгы коронавируска чалдыкканын жазып чыгышкан эле.