Коронавируска каршы дарылардын баасын негизсиз кымбаттаткандар айып пул төлөшөт

Фармацевтикалык компаниялар тарабынан коронавирус инфекциясына каршы дарыларды негизсиз кымбаттатуу катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармекти жана медициналык каражаттар департаментинен билдиришти.

Маалымат боюнча, дары-дармектин баасын кармап туруу боюнча иш-чаралардын алкагында Департамент коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн керектүү дары-дармектердин тизмесине кирген дары-дармектердин бааларына туруктуу (жумасына 2 жолу) көзөмөл жүргүзөт. Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыгы дары-дармектердин баасы жалпысынан туруктуу болуп жатканын көрсөттү. Ошол эле учурда, бааны негизсиз көтөрүп жиберген учурларда, Департамент тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө фармацевтикалык компаниялар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып пул салынат.

2021-жылы төрт формацевтикалык компанияга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндүгү үчүн 112 миң сом жалпы салык салынды. Белгиленгендей, дары-дармек жана медициналык каражаттардын баасын кармап туруу боюнча иштердин алкагында Дары-дармек департаменти менен Фрамацевтикалык союзунун ортосунда бааларды кармап туруу боюнча меморандумга кол коюлган.