Коронавируска каршы эмдөө. Айлыктан ажыратуу жана кызматтан бошотуу мыйзамсыз

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөгө мажбурлоо жок. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенаписова билдирди.

Анын айтымында, массалык эмдөө республикалык штабдын чечими. «Биз президенттин жарлыгын аткарып жатабыз. Бул чечимдер аймактарга чейин жетет. Бардык жетекчилер жамааттык иммунитетке жетүү үчүн айылдык округдарда жана уюмдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышат. Көпчүлүк аларды мажбурлап жатышканын айтып жатышат»,- деди ал.

«Бирөөнүн айлыгы кыскарат же кызматтан бошотулат деген фактылар жок. Ар бир жетекчи мындай деп айта албастыгын билет: анын укугу жок»,— деди ал.