Коронавируска каршы эмдөө. Убактылуу эмдөө пункттарынын иштөө графиги

COVID-19га каршы эмдей турган убактылуу эмдөө пункттарынын иштөө сааттары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз борборунда жарыяланды. Маалыматка караганда, мамлекеттик убактылуу эмдөө борборлору саат 8:00дөн 23:00гө чейин иштешет:

Убактылуу эмдөө пункттарынын иштөө графиги:

Мамлекеттик убактылуу эмдөө пункту 8:00 — 23:00;
Жеке медициналык борборлор 8:00 — 17:00 (акысыз);
Жалпы билим берүүчү мекемелер 9:00 — 17:00;
Соода жана көңүл ачуу борборлору 10:30 — 21:30;
Маданий жана спорт борборлору 9:00 — 17:00;
Көчмө мобилдик бригадалар 9:00 — 17:00.